Ноутбук
Ноутбук (англиялык notebook – жазуу дептерчеси) – энергия булагы автономдуу системалуу, көтөрүп жүрүүчү (портативдүү) микрокомпьютер (чакан компьютер). Заманбап ноутбуктарда интегралдык схеманы миниатюрлаштыруу (кичирейтүү) тармагынын жетишкендиктери колдонулат. Ал берилген маалыматты кадимки компьютердей эле ылдамдыкта иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Автономдуу энергия булагы катары заряддалуучу батареялар колдонулат жанасуюк кристаллдык дисплейи болот. Ноутбук тетиктеринин кичинелиги жана көтөрүп жүрүүдө чыдамдуулугу менен баалуу[1].
Ноутбук түрлөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чоңураак жана кичинерээк ноутбуктар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мурда кичине жана чоңураак чөнтөк компьютерлеринин маркетинг категориялары болгон[2]; алардын катарына "ноутбук" жана "субноутбук" моделдери, арзан "нетбуктар" жана "ультрамобильные ПКлар", өлчөм классы смартфондор жана портативдүү планшеттер сыяктуу түзмөктөр менен дал келген, ошондой эле чоңураак жана оорураак болгон "Үстөл компьютеринин ордуна" ноутбуктар кирген[3].
Ультрабук
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Интелдин жогорку өндүрүмдүүлүктөгү ноутбуктар категориясы үчүн түзүлгөн жана соода белгиси болгон маркетинг термини[4][5]. Ошол учурдагы HS iSuppli 2012-жылдын аягына чейин 22 миллион ультрабук сатылып, 2013-жылы 61 миллион болушун алдын ала болжоп чыккан. 2012-жылдын октябрына карата IHS өзүнүн болжолдоолорун олуттуу түрдө төмөндөтүп, 2012-жылы 10 миллион сатылган түзмөк жана 2013-жылы 44 миллион болот деп айткан. Көпчүлүк ультрабуктар кеңири таратууга өтө кымбат болгон[6][7][8].
Трансформер, гибрид, 2-1
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Портативдүү компьютерлер индустриясындагы акыркы технологиялык конвергенция тенденциясы бөлөк түзмөктөрдүн көптөгөн функцияларын бириктирген ар түрдүү түзмөктөрдү пайда кылды. Гибриддер, конвертируемыйлар жана 2-1 орто түзмөктөр катары пайда болуп, планшеттер менен ноутбуктардын жалпы өзгөчөлүктөрүнө ээ болду[9][10]. Мындай түзмөктөрдүн бардыгы сенсордук дисплейге ээ, колдонуучулар планшет режиминде мультитач же стилус / санариптик калем колдонуп иштөө үчүн жасалган.
Берик ноутбук
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Берик ноутбук катуу титирөөлөр, экстремалдык температуралар, нымдуу же чаңдуу чөйрө сыяктуу оор шарттарда ишенимдүү иштөө үчүн арналган[11]. Берик ноутбуктар оорураак, чоңураак жана кадимки ноутбуктарга караганда кыйла кымбат, жана ошондуктан кадимки керектөөчүлөр тарабынан сейрек колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Какой ноутбук выбрать для работы
- ↑ The History of Computers in a Nutshell. www.webfx.com. Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2024.
- ↑ Types and Classes of Portable Computers. flylib.com. Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2024.
- ↑ Ultrabook. techterms.com. Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2024.
- ↑ What Is An Ultrabook? Everything You Need to Know. www.radarmakassar.com. Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2024.
- ↑ Why Ultrabook Sales Have Flopped So Far. www.pcworld.com. Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2024.
- ↑ Ultrabook. refurbisheddubai.ae. Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2024.
- ↑ Intel’s Ultrabook: Right Idea, Wrong Price. www.fool.com. Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2024.
- ↑ Laptop or 2-in-1 in digital classroom. cetrixtablets.com. Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2024.
- ↑ What’s the difference between 2-in-1 PCs, laptops and tablets?. www.reviews.org. Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2024.
- ↑ Rugged Notebooks Market - Global Industry Analysis, Size, Share, Growth, Trends and Forecast 2018 – 2022. news.marketersmedia.com. Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2024.