Нувориш
Көрүнүш
Нувориш (французча nouveau riche – жаңы бай) – калктын төмөнкү социалдык катмарынан чыгып, коомдун эң жогорку катмарына аралашып, тез байыган адам; согуш мезгилинде, социалдык-экономикалыккризис учурунда мыйзамсыз алып-сатарлык менен байыйт. Капитализм доорунда Европада буржуазиялык революция учурунда пайда болгон. КМШ өлкөлөрүндө 1990-жылдан кийин көбөйгөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7