Нурбаев Мамат

Википедия дан

Нурбаев Мамат (5. 1. 1911, азыркы Ош облусу, Кара-Кулжа району,Кара-Кочкор айылы – 17. 8. 1991, ошол эле жер) – советтик жана партиялык ишмер. Фрунзе айыл чарба техникумун (1942), Кыргызстан КП БКга караштуу республикалык артисти мектепти (1948) бүтүргөн. 1929–31-жылы кедейлер комитетинин төрагасы, 1931–33-жылы Кара-Кочкор айыл советинин төрагасы, 1933–38-жылы Кызыл Армияда взвод командиринин орун басары, саясий жетекчи болгон. Кызыл Армиянын катарында кызмат өтөп жүрүп, СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. 1938–41-жылыКыргыз ССР социалдыккамсыздоо эл комиссары, 1942–43-жылы партиянын Пржевальск райкомунун 2-секретары, 1943–44-жылы Мырзаке облусунун аткаруу комитетинин төрагасы, 1944–46-жылы партиянын Молотов (азыркы Кадамжай) райкомунда 1-секретарь, ошол эле мезгилде 1940– 45-жылыСССР Өкмөтүндөгү Кыргызстандын туруктуу өкүлү, 1948–53-жылы Өзгөн облусунун аткаруу комитетинин төрагасы, 1953–58-жылы партиянын Кара-Суу, Мырзаке райкомдорунда 1-секретарь, 1958–59-жылы партиянын Ош обкомунда инструктор, 1959– 63-жылы Өзгөн облусунун аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 1963–91-жылы Өзгөн районунун «Алга» жана «Өзгөн» совхоздорунда партиялык комитеттин секретары, профсоюз комитетинин төрагасы болуп иштеген. СССР (1937–46 жана Кыргыз ССР Жогорку Советтеринин (1955–59) депутаты. Ал Чоң Чүй каналынын курулушуна, Кара-Суу районуна Отуз-Адыр каналын, пахтадан май чыгаруучу заводун, ун комбинатын, о. эле Өзгөнгө ГЭС, нан жана сыра заводдорун курууга, балык чарбасын уюштурууга, Өзгөн – Кара-Кулжа, Мырзаке – Кара-Шоро жолдорунун салынышына зор салым кошкон. 2-даражадагы Ата Мекендик согуш, 3 «Ардак Белгиси», Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]