Нурдинов Сабыркул

Википедия дан

Нурдинов Сабыркул (3.12.1938-ж.т., Коргон-Төбө айылы) - коомдук ишмер, райондун ардактуу атуулу.

  • Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын (1959),
  • Кыргыз мамлекеттик университетин (1969) бүткөн.
  • 1959-62-жылдары АкТаш айылындагы «Жаш тилек» башталгыч мектебинде мугалим,
  • 1960-63-жылдары Айгыр-Жал орто мектебинде мугалим,
  • 1970-73-жылдары ошол эле мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы,
  • 1973-82-жылдары мектеп директору,
  • 1982-85-жылдары райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы,
  • 1985-89-жылдары ВЛКСМдын 50 жылдыгы атындагы орто мектебинин директору,
  • 1989-91-жылдары райондук комитетте партиялык кабинеттин башчысы,
  • 1991-92-жылдары Айгыр-Жал колхозунун партиялык комитетинин катчысы,
  • 1990-94-жылдары ушул колхоздо текшерүү комиссиянын төрагасы,
  • 1994-2002-жылдары өзү уюштурган «Жаңы-Жер» дыйкан чарбасынын башчысы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6