Нуржанов, Акматбек

Википедия дан

Нуржанов Акматбек [1922, Талас району, Кызыл-Туу (мурунку Кырк-Казык) айылы — 1987, ошол эле жер]— айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери, Социалистик Эмгектин Баатыры (1971). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.

1939-жылдан мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, районунун башчысы, 1953—60-ж. Кыргызстан КП Талас райкомунун бөлүм башчысы, катчысы, 2-катчысы.

1960-жылдан Талас районундагы Ленин атындагы колхоздун башкармасынын төрагасы. Ал башкарган колхоз сегизинчи беш жылдык планды төрт жылда аткарып, пландан тышкары мамлекетке 44802 ц эгин, 1790 ц тамеки, 5352 ц эт, 7164 ц сүт, 491 ц жүн саткан.

СССР Жогорку Советинин (1974—79). Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1967—71) депутаты. Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу, Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.