Нурматов Байыш Нурматович

Википедия дан
Нурматов Байыш Нурматович
Туулган датасы:

18.02.1947 жылы

Жарандыгы:

Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

Окумуштуу

Сыйлыктары:

“Манас” ордени, “Даңк” медалы менен сыйланган.

Нурматов Байыш Нурматович — залкар кыргыз байланыш чөйрөсүнүн ыйык адиси жана окумуштуу. Техника илимдеринин кандидаты, адистиги: "Байланыш каналдары аркылуу маалымат берүү системасы, аппараты жана теориясы." Учүнчү класстагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кенешчиси класстык чени бар. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы электроника жана телекоммуникация институтунун профессору.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нурматов Байыш Нурматович, 1947-жылы 18-февралда Өзгөн шаарында туулган. Мектеп чагынан радиотехникага кызыгуусу бар болчу. Мектепти бүткөндөн кийин Москвадагы электротехникалык институттунан радио инженердик адистиги боюнча билим алган. Кыргыз ССРинин Байланыш министрлигиндеги спутникалык жана радио релейлик байланыш станциясынын инженери, кийин ага инженери болуп иштеген. Москвадагы электротехникалык институттун аспирантурасында илимин тереңдетип, техника илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.

Эмгеги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1965-1970-жылдары Москвадагы электротехникалык институттан радио инженердик адистиги боюнча билим алган.

1970-1975-жылдары Кыргыз ССРинин Байланыш министрлигиндеги спутникалык жана радио релелик байланыш станциясынын инженери, ага инженери болуп иштеп,

1975-1978-жылдары Москвадагы электротехникалык институттун аспирантурасында илимин тереңдетип, техника илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.

1979-1995-жылдары Политехникалык институттун окутуучусу, ага окутуучусу, доценти, энергетикалык факультеттин кечки-сырттан окуу боюнча деканы,

1995-1997-жылдары КР Байланыш министрлигинин электробайланыш боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору,

1997-2011-жылдары КР Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары, директору кызматтарында иштеген.

2011-жылдан 2016-жылдын июль айына чейин И. Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы электроника жана телекоммуникация институтунун директору,

2016-жылдын сентябрь айынан бери И. Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы электроника жана телекоммуникация институтунун ИКТ жана маалымат коопсуздугу боюнча аналитикалык-изилдөө борборунун жетекчиси болуп иштеп келүүдө.

Сыйлыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ишинин жыйынтыгы боюнча Эл аралык электр байланыш союзунун сунуштарына бир катар бир нече жаңы токтомдор, сунуштар жана толуктоолор кабыл алынган (ITU) - байланыш жана маалыматтык технологиялар тармагында Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген уюм. Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо үчүн Б.Нурматов 5-беренесине ондон ашык шилтемелерде оңдоо киргизген. Анын жетекчилиги астында эл аралык жыштык каттоосуна миңден ашык жазуулар калган. Кыргызстанда, анын ичинде ар кандай максаттары үчүн Кыргыз радио эл аралык-укуктук коргоо (теле жана үн берүү, багыттоо, ж.б.), спутник орбитасында эки орун бекитилген. Кыргызстандын атынан Б.Нурматов расмий делегациясы 19-ЭЭС жыйындарына катышып, алардын ичинен 12чи жыйынында Кыргыз өкүлчүлүгүнүн башчысы болгон. Төрт жыйында башкаруу командасына шайланган. Ал ЭЭС комитетинин нускаманынын мүчөсү болгон жана радио жыштыктарды пайдалануу жаатында эл аралык арбитраждык ролун аткарган.

1992-жылы доценттик даража ыйгарылган. 2003-жылы КР 3-даражадагы Мамлекеттик кеңешчи чини берилген. Илимге жана мамлекттин байланыш тармагына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн КР үчүнчү даражадагы “Манас” ордени, “Даңк” медалы менен сыйланган. 2004-жылы бийик тоолуу катаал шарттарда радиосигналдарды пайдаланууну жакшыртуу боюнча илимий ийгилиги үчүн Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. Эл аралык электро байланыш биримдигинин жана Радиорегламентардык комитетинин ишмердүүлүгүнө салым кошкондугу үчүн Эл аралык электро байланыш биримдигинин күмүш медалы, Регионалдык кызматташтык биримдигинин бекемделишине өзүнүн жеке салымын кошкондугу үчүн ушул биримдиктин медалы жанан Ардак грамотасы ыйгарылган. И.Раззаков атындагы КМТУнун жана ЭТИнун Окумуштуулар Кеңешинин мүчөсү болуп саналат. ЭТИнун жамаатында татыктуу урмат-сыйга ээ.