Нурмемет Ясин
Көрүнүш
Нурмемет Ясин | |
уйгурча: نۇرمەمەت ئاسىن | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Өлгөн датасы: | |
Өлгөн жери: |
Шаяр ооданы, Ак-Cуу облусу, Шинжаң |
Нурмемет Ясин— уйгур жазуучусу.
Нурмемет 2004-жылы «Кашкар адабияты» журналында жарык көргөн «Жапайы көгүчкөн»[1] (Ява кептер) аттуу кыска аңгемеси менен таанымал болгон. Бул аңгеме биринчи жактан баяндалып, башка түстөгү көгүчкөндөр тарабынан туткундалган көгүлтүр көгүчкөнын көз карашы менен айтылат; ал эркиндиктен ажырап жашагандан көрө өз өмүрүн кыюуну тандайт[2].
Аңгеме жарык көргөн бир айдан кийин ал камакка алынган, жана 2005-жылдын 2-февралында Кашкардагы сот Нурмеметти сепаратизмге чакырган деген айып менен он жылга эркинен ажыраткан. Ал 2011-жылы түрмөдө каза болгон[3].
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Биринчи махабат (ырлар жыйнагы)
- Жүрөктөн жылап (ырлар жыйнагы)
- Келгиле, балдар (ырлар жыйнагы)
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ ياسىن, نۇرمەمەت (2004). "ياۋا كەپتەر". قەشقەر ئەدەبىياتى (5).
- ↑ China battles to convince terror sceptics, The Age (12.11.2005).
- ↑ 維族作家亞森因言獲罪獄中離世, 自由亞洲電台 (01.01.2013).