Нурпеисов Абдижамил Карим уулу
Көрүнүш
Нурпеисов Абдижамил Карим уулу (22. 10. 1924-жылы туулган, азыркы Кызыл-Ордо облусу, Арал району, Көк-Арал) – казак жазуучусу. 1956-жылы М. Горький атындагы адабият институтун бүткөн. Чыгармачылыгы 40-жылдарынын акырында башталган. 1950-жылыАта Мекендик согуштун оорчулугун баяндаган «Курляндия» (2-редакциясы – «Күткөн күн», 1958) романын жарыялаган. Улуу Октябрь революциясы болор алдындагы казак эмгекчилеринин оор тагдырын, теңдик үчүн күрөшүн көрсөткөн «Кан менен тер» (1-китеп – «Ымырт», 1961; 2-китеп – «Азап жолу», 1964; 3-китеп – «Кыйроо», 1970) үчилтигин жазган. Бул чыгарма психологиялык анализдин айкындыгы, улут мүнөздөрүн ажарлуу ачып бергендиги менен баалуу (СССР мамлекеттик сыйлык, 1974). Үч орден менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7