Нъуба
Нъуба (араб. нъуба - кезектеш, катарлаш) - араб музыкалык маданиятындагы оозеки салттагы адистик музыкасынын «Андалусия салты» деп аталган багыты.
Нъуба өзөгүн 9-кылымдарда Багдадда калып дан тартып Магриб өлкөлөрүнө тарала баштаган. Бүгүнкү ар бир Нъуба (алардын жалпы саны 9-15 чейин) истифтах, мчалия, тушейя, мссаддар сыяктуу аспаптык жана мувашшах сыяктуу вокалдык бөлүктөрдөн турат. Азыр Нъубанын тунистик (малуф), алжирдик (сана), марокколук (гирнати) сыяктуу стилдери бөлүнүп чыккан. Алар Нъубанын Севильяда (малуф), Кордовада (сана), Гренадада (гирнати) жаралган салттарын өнүктүрүүдө. Нъубаны хор, ырчы жана уд, канун, най, ребаб, дарабуккадан турган аспаптык ансамбль аткарат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.