Нюанс
Нюанс (французча nuance – түс, кошумча, түр) – добуш чыгаруу түстөрү. Ал добуштун мүнөзү, динамикалык түсү, сулуулугу боюнча айырмаланат. Адатта ал италян тилинде dolce – назик, appassionato – кумарлуу деген cыяктуу сөздөрдө айтылат. Ошондой эле Нюанс сөз (речь) интонациясындагы, сөз маанисиндеги, боёк айкалышындагы (сүрөттө) билинер-билинбес кубулжуп турган айырма, байкалар-байкалбас бөтөнчөлүк (оттенок).
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7