Обертон

Википедия дан

Обертон – татаал формадагы мезгилдүү термелүүнүн негизги тонго караганда бийик жыштыктуу синусоидалык түзүүчүсү.

Каалаган мезгилдүү термелүү негизги тон жана Обертондун суммасы катары каралат. Обертондун жыштыгы жана амплитудасы термелүү системасынын физикалык касиеттери, о. эле аларды дүүлүктүрүү ыкмалары менен аныкталат. Эгерде бардык Обертондун жыштыгы негизги жыштыкка бүтүн же эселенген болсо, анда мындай Обертон гармония же гармониялар деп аталат. Эгерде жыштыктар негизги жыштыкка татаал түрдө көзкаранды болсо, анда гармониялуу эмес Обертон жөнүндө айтылат. Эгерде негизги тондун жыштыгы (биринчи Обертон) f болсо, анда экинчи Обертондун жыштыгы 2f, үчүнчү Обертондуку 3f ж. б. болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]