Мазмунга өтүү

Образ

Википедия дан

Образ, кейип ( ор- көрүнүш, туруш-турпат) – турмуштун конкреттүү жана жалпыланган жактарынан алынган адамдын искусстводогу эстетикалык мааниге эгедер чыгармачылык көркөм фантазия менен түзүлгөн көрүнүшү. Образдар илим менен искусствону айырмалап турат. Жазуучу өз предметин көркөм образдар аркылуу сүрөттөйт. Ал өзүнүн дүйнөгө болгон көз карашына, эстетикалык идеалына, чыгармачылык жана турмуштук тажрыйбасына ылайык турмуш чындыгына, көрүп-билген кишилерге алымча-кошумчаларын киргизет образдын эстетикалык жана тарбиялык кудурети көрүнөт. Чыгармадагы образдын аткарган кызматына жана турган ордуна карап , адабият таануу илимдер кейипкер, башкы каарман , экинчи даражадагы каарман,мүнөз, тип деп бир нечеге ажыратылып жүрөт.Жусуп Турусбековдун “Ажал ордуна” драмасында катышкан кейипкер-каармандар - Искендер, Бектур, Кабыл, Зулайка,Зулайканын ата-энеси Кармышак, Максүт, Насип, Алымбай, Учей-Фу, Литун-Чан . Булардын ичинен чыгарманын фабуласында башкы орунда туруп, көп окуяларга катышып, ошол окуялар анын тегерегинде өнүккөн каармандар бар, мындай каармандар, башкы каармандар болот.Драмада мындай милдетти Искендер менен Зулайка аткарат.Бул экөө - драманын башкы каармандары. Башка каармандар алардын ар кандай иш-аракетине жардам берип,же тоскоолдук кылып, айрым эпизоддордо гана көрүнүшөт, чыгарманын идеясын ачып берүүдөгү кемчилдиктерди толтурушат, да экинчи даражадагы, же жардамчы каармандар болуп саналат.Образдар жазуучунун эстетикалык идеалына туура келер-келбесине карап, шарттуу түрдө оң жана терс образ болуп бөлүштүрүлүп жүрөт. Бул образдар сөзсүз ушул эки лагерге ажыроо керек деген эреже эмес.Жазуучулар метафоралык жана символдук образдарды да кеңири пайдаланышат.Образдар жанрдык модификациясына карата лирикалык, эпикалык,драмалык, образдар деп бөлүнөт.Сүрөттөө өзгөчөлүктөрүнө ылайык реалисттик,романтикалык образдар болуп бири-биринен, жанрлардын жана методдордун өзгөчөлүктөрүнө ылайык да айырмаланып турат.Образ түшүнүгү искусствонун пайда болгон мезгилинен тартып, ар түрдүү мезгилдерде адабий агымдарга жана көркөм методдорго ылайык ар кыл өзгөрүүлөргө учурап келди.