Образцов, Владимир Витальевич

Википедия дан

Образцов, Владимир Витальевич (1891, Вологда шаары – 1934, Бөкөнбаев кыштагы) – живописчи, Кыргызстан сүрөтчүлөр союзун уюштургандардан. Түркстан элдик сүрөт искусствосу окуу жайын А. Юсуповдун өнөрканасынан бүтүп, 1921-ж. Кыргызстанда ачылчу сүрөт окуу жайында иштөө үчүн Пишпек шаарына чакырылган. Өз демилгеси менен сүрөт студиясын уюштурган. 1921–27-ж. мектептерде сүрөт мугалими, газеталарда сүрөтчү. 1927–30-ж. пед. техникумда, 1930–32-ж. край таануу музейинде иштеген. Кийинчерээк сүрөтчүлөр союзунун уюштуруу комитетинин председателинин, 1934-жылдан Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун башкармасынын председателинин орун басары. О-нун чыгармаларына ойду жеткиликтүү, так чагылдырган сүрөтчүлүк ыкма, эмоциялуулук мүнөздүү. Анын көрүнүктүү чыгармаларына “Радио угуп жатышат” (1930), “Кытай жолунда” (1930), “Глобустун жанында” (1930), “Дунган кызы” (1932), “Кичинекей кыз” (1932), “Боз үй жанындагы аял” (1933) жана башка кирет. Ал театр жасалгасы, карикатура, китеп иллюстрациясы жанрлары боюнча да иштеген. О-дун Г. Айтиев, Л. Ф. Деймант жана башка окуучулары кыргыз сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]