Обручев Владимир Афанасьевич

Википедия дан

Обручев Владимир Афанасьевич [28. 10. 1863, азыркы Тверь облусу, Клепенино кыштагы – 19. 6. 1956, Москва (Звенигород)] – орус совет геологу жана географы, СССР ИАнын академиги (1929), корреспондент мүчөсү (1927), Социалистик Эмгектин Баатыры (1945), СССР Географиялык коомунун ардактуу президенти (1947). Петербург тоо-кен институтун бүткөн (1886). Томск (1901–12), Симферополь (1919–21) жана Москвадагы (1921–29) жогорку окуу жайларында профессор 1939-жылдан СССР ИАнын Тоң таануу институтунда директор, СССР ИАнын геологиялык-географиялык илимдери бөлүмүнүн академик секретары (1942–46). 1000ден ашык илимий эмгектин автору. Негизги илимий эмгектери Борбордук жана Орто Азиянын лёсс топурактарынын пайда болушуна, Сибирдин муз каптоосу менен көп жылдык тоңуна, тектоникасынын жалпы маселелерине, алтын кендеринин геологиясына ж. б. тармактарга арналган. Илимге «неотектоника» терминин киргизген. Обручев – көптөгөн илимий-популярдуу китептердин («Чөлдөгү алтын издөөчүлөр», «Орто Азиянын чөлдөрү жана тоолору аркылуу» ж. б.), окуу китептеринин, илимий фантастикалык романдардын («Плутония», «Санников жери», «Планеталарга саякат» ж. б.) автору. Илимий эмгектери үчүн Н. М. Пржевальский атындагы сыйлык, (1926), СССР мамлекеттик сыйлыгы Орус географиялык коомунун чоң алтын медалы, Франция ИАнын 2 сыйлыгы, А. П. Карпинский атындагы алтын медаль (1947) ыйгарылган. Лениндик сыйлыгынын (1941, 1950) лауреаты болгон. Беш Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. Тува АССРиндеги кырка тоо, Антарктидагы оазис, Жунгар Ала-Тоосундагы мөңгү ж. б. географиялык бир нече объектиге, уран минералына (обручевит) анын ысмы берилген. СССР ИА В. А. Обручев атындагы сыйлык белгилеген (1998). Эмгектери: Изб. работы по географии Азии. Т. 1–3. М., 1951; Изб. труды. Т. 1. М., 1958.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]