Объектив

Википедия дан

Объектив ( лат. objectus – нерсе, буюм) – оптикалык системанын объект (изилденүүчү нерсе) жагында туруп, анын чыныгы оптикалык сүрөт-төлүшүн калыптоочу бөлүгү.

Бул сүрөттөлүштү окуляр аркылуу көрүүгө, фотоматериалга түшүрүүгө же электр-оптикалык күчөткүчтүн же өзгөртүп түзгүчтүн экранына көчүрүүгө болот. Конструкциясы боюнча Объектив үч класска бөлүнөт: линзалуу (рефракторлордо), күзгүлүү (рефлекторлордо), күзгү-линзалуу (катадиоптриялуу). Объективдин негизги оптикалык мүнөздөмөлөрү – фокус аралыгы, чоңойтуусу, карегинин диаметри, жарыгынын күчү, көрүү талаасы. Объектив түзгөн сүрөттүн сапаты анын так көрсөтүүсүнө, контраст (чаңкаюу) коэффициентине, чачыратуу коэффициентине ж. б. көзкаранды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]