Овидий

Википедия дан

Публий Овидий Назон (б. з. ч. 43 – б. з. 18-ж.) – рим акыны. «Махабат илими», «Сүйүү дабасы», «Сүйүү элегиялары», «Кубулуу» деген чыгармалардын автору. Алгачкы чыгармаларында римдиктердин турмушун көрсөтүп, сүйүү насааттарын айткан. 250дөн ашуун мифологиялык жана фольклордук уламыштан турган «Кубулуу» дастанында адамдардын айбанга, өсүмдүккө, жылдызга, анан кийин ташка айланып кетиши баяндалган. Өмүрүнүн акырында «Сүйүү элегиялары» жана «Понтий арноолору» деген чыгармаларды жазган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]