Оденсе

Википедия дан
Андерсендин мекени.

ОденсеДаниядагы ири порт шаар. Оденсе дарыясынын боюнда (төмөнкү агымында), Фюн аралында жайгашып, анын экономикалык жана маданий борбору. Калкы 161,0 миң (2010). Кеме куруу, электр-техникалык, текстиль, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, сүрөт музейи бар. Ыйык Кнуда собору (1300, 15-кылымда курулуп бүткөн), Кудай эне (12-к.), Ионна чиркөөлөрү (15-к.), 16–17-кылымдын курулуштары сакталган. Оденсе – жазуучу жана жомокчу Х. К. Андерсендин (үй-музейи уюштурулган) мекени. Оденсеге жакын жерде ачык асман астында «Фюн айылы» музейи жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]