Озон «тешиги»

Википедия дан

Озон «тешиги» – Жердин озон катмарындагы озон концентрациясынын азайышы. Бул кубулуш – озон катмарынын жукарышын туюнткан татаал экологиялык көйгөйлөрдүн эң башкыларынын бири. Кубулушту алгач 1985-ж. Ж. Фарман жетектеген окумуштуулар тобу Антарктиданын үстүнөн (диаметри 1000 кмдан ашык) байкашкан. Кийинчерээк 1992-ж. андан кичирээк өлчөмүндөгүнү Арктикадан көрүшкөн. Атмосферадагы озон концентрациясынын азайышынын негизги факторлору антропогендик (мисалы, муздаткыч чыгаруучу ишканалар курамында хлор жана бром, көмүртек ж. б. бар кошулмаларды атмосферага чыгарат) жана табигый кубулуштардын (уюлда кыш мезгилинде күн нурунун дээрлик жок болушу, уюл шамалынын таасири, уюл кеңдигинен озондун өтүшүнө тоскоолдуктар ж. б.) натыйжасында келип чыгат. Алар атмосферанын жогорку катмарына көтөрүлүп, фотохимиялык ажыроодо хлор кычкылынын пайда болушу озонду бузат. Озон катмарынын жукарышы жер бетине ультракызгылт көк нурлардын келишине көбүрөөк шарт түзөт. Ал бардык тирүү организмге терс таасирин тийгизет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына ылайык атмосферадагы озондун 1%ке азайышы онкологиялык оорулардын (анын ичинде тери рагы) өсүшүнө алып келет. Озон «тешиги» глобалдык экологиялык проблема болгондуктан, ал боюнча көптөгөн эл аралык илимий конференциялар («Озон катмарын коргоо» боюнча Вена конвенциясы, 1985; Монреаль протоколу, 1987 ж. б.) өткөн. Анда озон катмарына терс таасирлерди азайтуунун жана аны калыбына келтирүүнүн жолдору каралган. Учурда АКШ менен Россияда озон катмарынын жукаруу процессин басаңдатуу же аны калыбына келтирүү (электр разряды, электр-магниттик жана лазердик нурлантуу) боюнча бирдиктүү иш-чаралар көрүлө башталды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]