Ойлом

Википедия дан

Ойлом – объективдүү чындыкты чагылдыруу процессиндеги адамзат таанымынын эң жогорку баскычы. Ал реалдуу дүйнөнүн таанымдын сезим баскычында тикелей кабылдоого мүмкүн болбогон объектилери, касиеттери жана мамилелери жөнүндө маалымат алууга мүмкүндүк берет. Адамдын ойлому коомдук-тарыхый табиятка ээ, практикалык иш-аракет менен тыгыз байланыштуу (к., Аң-сезим). Ойломдун формалары жана закондору логикада, анын жүрүү механизми психологияда жана нейрофизиологияда изилденет. Ойлом деген реалдуу дүйнөнү сезим баскычынан түздөн-түз кабылдай албас маалыматтарды, таанымдын жогорку баскычы – теориялык деңгээлден ылгап алууга мүмкүндүк берет. Адам ойлому коомдук-тарыхый кырдаалдарга шартталган жана бир катар практикалык иш-аракеттер менен байланыштуу. Кибернетикада ойломдун бир катар ой жүгүртүү операцияларынын компьютердик моделдөө функциясына байланыштуу талдоого алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]