Ойноок бөйрөк

Википедия дан

Ойноок бөйрөк - незделген оору.

Бөйрөктүн байламталары болбойт, аны бөйрөк майы, чарым жанa кан тамырлар гана карман турат.

Травмада, оор нерсе көтөргөндө, ич көңдөйүнүн басымы төмөндөгөндө Ойноок бөйрөк пайда болот. Мында бел сыздап ооруп, кускусу келет, кабырганын астында бөтөн нерсе болгондой сезилет. Бөйрок абдан ылдый тушсө, заара агуучу тутук толгонуп, сийдиктин чыгуусу кыйындайт, бөй­рөк ойдуңчасына заара толуп, анын басымы көбөйгөндүктөн ал чоюлат жанa сезгенет.

Бөйрөктүн кан тамырлары кысылып, кээде гипертония оорусу пайда болот. Дарылоодо бөй­рөктүн тушун таңуу, кучтуу тамактануу, гимнастика, кээде хирургиялык жол колдонулат. Алдын алуу учун курсак булчуңдарып чыңдоочу гимнастика зарыл.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.