Ойсул-Ата, энциклопедия

Википедия дан

Ойсул-Ата[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ойсул-Ата (ар. Вайс ал-Карани) – төөнүн пири, колдоочу ээси. Орто Азия элдеринин, ошондой эле кыргыздардын фольклорунда кездешкен диний же мифологиялык түшүнүк. «Манас» эпосунда ушул мааниде чагылдырылган. Мисалы, СКВ боюнча Акбалтага өркөчүндөгү куржунуда бала салынган Ойсул-Ата жолугат: Мунарык болуп бурчтанган
Булуңгур болуп учтанган,
Чоң талаанын бетинен
Медияндын чөлүнөн
Акбалтанын алдынан
Ойсул-Ата куу каймал
Акбалтанын төл малы
Каршы чыга калганы. (СК, 1.22)

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Манас энциклопедия II., Манастын сюжети – ярупа. Бишкек, 1995