Ока

Википедия дан
Ока
Ока жана Волга (Нижний Новгород)
Ока жана Волга (Нижний Новгород)
ОМСР 09010100112110000017555

ОкаВолганын оң куймасы. Россиянын европалык бөлүгүндө. Узундугу 1500 км, алабынын аянты 2500 миң км2. Орто Орус дөңсөөсүнүн борбордук бөлүгүнөн башталат.

Ири куймалары: Жиздра, Угра, Протва, Нара, Москва, Пра, Гусь, Клязьма (сол), Упа, Осётр, Проня, Пара, Мокша, Теша (оң). Бардык бөлүгүндө сайроондор кездешет. Негизинен кар (59%и), ошондой эле жамгыр сууларынан (20%тен ашыгыраак) жана жер астындагы суулардан (20%ке чейин) куралат. Орточо чыгымы чатында 1300 м3/сек, эң көп чыгымы чатына жакын 20 000 м3/сек. Апрелден июнга чейин суусу кирип, жайында жана кышында тартылат; күзүндө жамгырдан ташкындайт. Жогорку агымында ноябрь – январдын башталышында, төмөнкү агымында октябрь – декабрда тоңуп, март – май айларында муздан арылат. Серпухов шаарынан баштап туруктуу кеме каттайт. Нугу шлюздаланган. Балык кармалат.

Жээгиндеги башкы шаарлары: Орёл, Калуга, Серпухов, Коломна, Рязань, Муром, Нижний Новгород (чатында). Ока бою – Тектирлүү коругу уюшулган.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]