Уильям Оккам

Википедия дан
Оккам, Уильям‎»‎ барагынан багытталды)
Уильям Оккам.

Оккам, Уильям (лат. Gulielmus Occamus, 1285—1349 ж. ченде) — орто кылым философиясындагы номинализм багытынын бир кыйла жаркын өкүлү, бул багыт XIV кылымда толук өнүгүүгө жетишет. XIII кылымда, орто кылым схоластикасында томизм жана скотизм үстөмдүк кылып турган. Ушуну менен эле бир учурда томизм менен скотизм көп учурда бири-бирине каршы чыгып турушса да, бул багыттарга карама-каршы күчтүү реакция пайда болот. Бул эки багытка каршы оппозицияны орто кылым схоластикасы үчүн эң маанилүүлөрдүн бири болгон универсалий проблемасын номиналисттик чечүү бириктирген.

Уильям Оккам Лондонго жакын жердеги Оккамда туулган. Оксфорд университетинде окуп, сабак берген. Дунс Скот сыяктуу эле францискан орденине кирип, бул ордендин ашынган канаты — спиритуалисттерге кошулат. 1324-жылы ересчиликте айыпталып, Авиньондогу папа куриясы тарабынан түрмөгө камоого өкүм кылынат. Төрт жылдан кийин ордендин генералы менен бирге император Людовикке качып барат. Уламыштарга караганда Оккам императорго жолукканда минтип айткан экен: «Сен мени кылычың менен корго, мен сени калем учум менен коргоймун».

Орто кылым схоластикасынын негизги маселелеринин бири — философия менен теологиянын өз ара катышы жөнүндөгү маселе боюнча Оккам философия менен теологиянын ортосунда кандайдыр бир байланыштын бар экендигин танган жана философия тигил же бул диний догматты ырастап-далилдеп бере албайт деп ойлогон.

Дин жана философия тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Албетте, Оккам диний окууну танган эмес, бирок философия диний окуунун принциптерин жана ал үгүттөгөндүн баарысын негиздеп бере албайт деп эсептеген. Алсак, философия Кудайдын бар экендиги жөнүндөгү догматты далилдеп берүүгө жөндөмсүз. Теологияда Кудай иррационалдуу (акыл жетпеген) нерсе, демек ал рационалдуу аргументтер менен далилденүүгө мүмкүн эмес. Оккам Ыйык жазуунун акыйкаттуулугунан келип чыга турган дин илиминин толук иррационалдуулугун белгилеген. Мунусу менен ал акыл-эстин акыйкаттуулугунан келип чыга турган философияга карама-каршы турат. Ошентип, Оккам эки акыйкаттын бар экендигин жактаган.

Оккам реализмге олуттуу аргументтерди карама-каршы коюу менен ашкере номинализмдин тарапкери болгон. Номинализмдин тарапкерлери — негизинен францисканчылар, томизмди ээрчигендер көпчүлүгү домиканчылар болушкан. Оккамдын номинализминин өз айырмачылыгы бар, ал айырмачылык ошол доордогу табият илимий-билимдеринин эмпирикалык өзгөчөлүктөрүнөн келип чыккан. Эгерде реализм жалпы нерселер гана чыныгы жана реалдуу болуп саналат, ал эми жекече нерселер жалпы нерселерден алып келип чыгарылат, муну менен бардык илимий жоболор Ыйык жазуунун жана таанымал авторитеттердин жоболорунан алынып чыгарылат деп эсептесе, Оккамдын номинализми буга карама-каршы чыгып, жеке нерселер гана реалдуу нерселер, ал эми жалпы дегенибиз жеке нерселер аркылуу түшүндүрүлө тургандар, адам таанымынан тышкары турган жалпылык жок деп эсептейт. Универсалийлер (жалпылык) эч кандай түрдө өз алдынча жашабайт. Универсалийлер — бар болгону жеке нерселердин гана белгилери. Субстанция өз алдынча жашабайт.

Тааным тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оккам үчүн таанымдын милдети өзүнчө, жеке нерселерди таанып-билүүдө турат. Ал жеке нерседен жалпы нерсеге өтүү процесси кандайча жүрөрү жөнүндө маселе коёт. Бул жерде Оккам интенция түшүнүгүнө — акыл-ойдун таанымдын предметине багытталгандыгына кайрылат. Ал түз эле мындай дейт: «Универсализм — бул жандын интенциясы, ал өзүнүн жаратылышы боюнча көптөгөндөрдө (нерселерде) бар болуп турат» [Дүйнөлүк философиянын антологиясы. 1-т. 2-бөлүк. 897-6.].

Оккамдык теория[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көп учурда универсалийдин оккамдык теориясын «термин» деген сөздөн улам терминизм деп аташат. Бул — термин жеке нерселерди белгилөөчү нерсе катарында адамдын акыл-оюнда жалпы түшүнүккө айланат, анткени ага тигил же бул жалпы маани берилет дегенди билдирет. Ошентип, универсалийлер белгилер катарында чыгат, ал белгилер конкреттүү нерселерге таандык болгон тажрыйбалык түшүнүктөрдү, ошондой эле көп нерселерге таандык болгон шарттуу түшүнүктөрдү да билгизе турган белгилер катарында чыгат.

Терминдин белгилик функциясы Оккам коргогон суппозициялык теория деп аталган теория менен тыкыс байланыштуу. Суппозиция ар түрдүү формаларда көрүнүшү мүмкүн. Биринчи форма-материалдык суппозиция, мында термин белгилүү бир сөздү билгизет. Экинчи форма — бул персоналдык суппозиция, мында термин тигил же бул жалпылыкты билгизет.

Номинализмдин карама-каршылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Quaestiones in quattuor libros sententiarum.

Оккам — ашкере номинализмдин өкүлү. Анын номинализми карама-каршы мүнөзгө ээ болгон. Бир жагынан, ал жекеликтин обьективдүүлүгүн ырастаган, бул схоластикалык реализмге, башкача айткандадиний окуунун доктринасына каршы багытталган. Экинчи жагынан, оккамдык номинализм бир катар гносеологиялык проблемаларды чечүүдө субьективдүү мамиле жасоо тенденциясын өзүндө камтып турган, анткени, белгилик системалардын субьективдүүлүгүн, башкача айткандасөздөр билимдердин предмети деп ырастап, муну менен нерселердин мамилелеринин обьективдүү жашап турушун четке каккан.

Оккам ошол кезде жашап турган бардык негизги схоластикалык багыттарга каршы чыккан, бул болсо жаңы философиянын өнүгүшүнө жол тазалаган. Буга ошондой эле зарылдыгы жок маңызды көбөйтүү керек эмес дегенди билдирген кеңири белгилүү «Оккамдын устарасы» да жардам берген. Оккамдын бул принциби ар түрдүү жалпылоолордун өтө эле кеңири таралышына каршы, схоластикалык абстрактуу спекуляцияларга каршы багытталган болучу. «Оккамдын устарасы» жаңы табият илиминин эмпирикалык өнүгүшүнө жол тазалаган.
Оккамдын окуусундагы бардык эң прогрессивдүү нерселер көп учурда жасалма түрдө болсо да схоластиканын формасы менен чүмбөттөлүп турган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]