Окоп

Википедия дан

Окоп – аскер адамын (бир кишилик) же өздүк аскер бөлүгүн, аскер техникасын душмандын чабуулу же аткылоосунан коргоп, анын мизин кайтаруу үчүн атайын казылган орун (чуңкур). Негизинен окоптор ок атуучу кумдардын түрүнө (мисалы, пулемёттук же артиллериялык) ылайык казылат. Ич жагынан окоптун кырына (бруствер) үйүлгөн топурак барбет, ал эми ок атууга ылайыкталган тешик амбразура деп аталат. Бир кишилик окоптордун бийиктиги 0,5 мден жогору болуп, бири-бирине траншея жана байланып жолдору аркылуу туташтырылышы мүмкүн. Ок атуучу оор техникалар үчүн терең чуңкурлар казылып, үстү жашырылып жабылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]