Окопник

Википедия дан
Symphytum officinale.

Окопник (лат. Symphytum, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн эндиктер тукумунун уруусу. Көп жылдык чөп. Сабагынын Узундугу 1,2 мге жетет, катуу түктүү, жалбырагы чоң, сабакта кезектeшип жайгашкан. Гүлү коңгуроо сымал, көгүш, кочкул күлгүн, ак түстө, топ гүлгө чогулган. Евразия, Түндүк Америкада 25тей түрү, КМШ өлкөлөрүндө 10 түрү негизинен нымдуу жерлерде жакшы өсөт. Көбүнчө аары жана сары аары аркылуу чаңдашат. Дары окопниктин тамырында алкалоид жана өңдөгүч заттар бар. Медицинада жана ветеринарияда колдонулат. Кавказда өсүүчү катуу окопник дары чөп жана тоют катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]