Оксикислоталар

Wikipedia дан

Оксикислоталар – молекула курамында гидроксил жана карбоксил топторун кармап жүргөн органикалык  бирикмелер. О.радикал түзүлүшүнө жараша каныккан, каныкпаган, циклдүү, ароматтык жана гетероциклдүү, молекула карбоксил жана гидроксил топторунун жайгашуусуна жараша a-, b-, g-, d- ж.б. болуп бөлүнөт. О. молекуласында карбоксил тобунун саны негиздүүлүгүн, эркин турган гидроксил тобу менен карбоксил тобунда гидроксил тобунун суммасы атомдуулугун көрсөтөт. Ушул белгилери боюнча бир негиздүү 2 атомдуу, эки негиздүү үч атомдуу жана башка болуп бөлүнөт. Мисалы, шарап к-тасы – СООН-СНОН-СНОН-СООН эки негиздүү төрт атомдуу О. тиешелүү. Жөнөкөй О. илээшкек суюк же кристаллдар түрүндө болот. Сууда жакшы эрийт. О. өсүмдүктөр дүйнөсүндө кеңири таркалган. Көпчүлүк О.оптикалык активдүү. О.спирттерге же к-таларга мүнөздүү касиеттеринен башка дагы өздөрүнө гана мүнөздүү касиеттери да бар, мисалы, a-O. ысытканда 2 мол. суу бөлүнүп чыгып, циклдүү татаал эфирлер-лактиддер, ал эми b- O. ысытканда чексиз карбон к-талар, g жана d О. лактондор алынат. О. галогенк-таларды гидролиздеп, каныкпаган карбон к-таларына суу кошуп, амин к- ларга нитрит к-таны таасир кылуудан, оксинтирили гидролиздөөдөн алынат. О. тамак-аш өнөр жайында, медицинада, фармацефтикада кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]