Оксиморон
Көрүнүш
Оксиморон, оксюморон (гр. – чукугандай сөз тапкандык, акылмандык, кемакылдык, келесоолук деген сөздөрдүн айкалышынан алынган) – бири-бирине карама-каршы маанидеги сөздөр; антонимдердин айкалышынан, биригишинен жасалган стилистикалык каражат. Бирикпегендердин биригиши “бар экен, жок экен” же “тилдүү дудук”, “тирүү өлүк” деген сөз айкаштары оксиморон болот. Мисалы:
Ал сөздү айтып Алооке,
Калкынын көөнүн басыптыр.
Тирүү өлүк болбойм деп,
Түн киргенде качыптыр.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004