Оксюморон

Википедия дан

Оксюморон - (грек. oxys - акылмандык, moros - кемпайлык) карама-каршы маанидеги сөздөрдүн айкашынан пайда болгон синтаксистик ыкма. Б.а., эки антонимдин айкашып келүү мүмкүнчүлүгү натыйжасында жаралган эң оригиналдуу кептик фигура.

Оксюморондор, эреже катары, сөз айкаштары аркылуу уюшулат, алардын табиятын карама - каршы сөздөрдүн айкашы түзөт. Узак мезгилдер ичиндеги өнүгүүнүн натыйжасында Оксюморондор тилдик норма катары калыптанып калган. Азыркы мезгилде алар оозеки кепте, көркөм чыгармаларда, публицистикада көркөм ыкманын ролунда кеңири тарап, колдонулуп келүүдө.

Оксюморондук айкаштардын компоненттеринин бири-бирине карама-каршы турушу жана алардын кайра биригүүсү, жакындашуусу, сыйышуусу алардын негизги белгиси, өзгөчөлүгү деп эсептелет. Ошондуктан аларды илимий анализге алуунун натыйжасында антонимдердин стилдик функциясы гана ачылып берилбестен, тил менен ойлоонун, тил илими менен логиканын катышы да терең ачылып такталып берилет.

Сөз айкашы - Оксюморондун негизги модели. Оксюморондук сөз тизмектеринин түгөйлөрү синтаксистик жактан ыкташуу жана башкаруу байланыштары менен тутумдашып, ар бир компоненти ар түркүн сөз түркүмдөрүнөн болушу мүмкүн. Күнөөсүз күнөөлүү (ыкташ. байл., субстант. сын ат.), тирүү арбак (ыкташ. байл., сын ат.өз. ат ат.); кейиштүү жылмаюу (ыкташ. байл., сын ат.+этиш); жумурткадан кыр чыгаруу (башкар. байл., зат ат.+этиш); айтпаганды айтуу (башкар. байл., субстан. атоочтук (этиш)+этиш) ж.б.

Жөнөкөй Оксюморондордон айырмаланып фразеологиялык Оксюморонду түзүп турган антонимдик сөздөр өздөрүнүн түз маанилерин жоготуп, бүтүндөй турпаты менен башка маанидеги түшүнүктү берип калат: көз ачып жумганча - бир заматта деген маанини;

түк бүткөн сайын калтыроо - байыган сайын зыкым болуу деген маанини туюндурат. Фразеологиялык Оксюморондун түзүлүшүндөгү негизги ыкма - бул логикалык жактан бирикпегендердин биригиши.

Оксюморонду лаконизмдин жеткен чеги десек болот. Ал аркылуу берейин деген ой кыска, эки эсе так, таамай болуп, көркөм сөздүн кудурети артат. Ал көркөм чыгармада колдонулса, бүтүндөй чыгарманын ажарын ачып, автордун оюнун өзөгүн түзөт. Оксюморон – эмоционаддык, экспрессивдик, эстетикалык күчтүү таасири бар тилдик каражат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4