Октан саны

Википедия дан

Октан саны — түрдүү мотор отунда-ры (бензин, керосин) детонацияга туруктуулугун (антидетонациялык касиеттерин) мүнөздөөчү шарттуу сан көр-сөткүчү. О. аныкташ үчүн эталон катары детонацияга туруктуулугу жогору (100) изооктан жана туруктуулугу төмөн (0) н-гептан углеводороду колдонулат. О. с. аныкталуучу отунга эквивалент-түү изооктан м-н

н-гептан аралашмасындагы изооктан көлөмдүк проценти менен туюнтулат. О. с. стандарт-тык шартта атайын жасалган бир цилиндрлүү кичине кыймылдаткычта мотордук, изилдөөчүлүк жана темп-ралык методунун негизинде аныкталат. О. с. ар түрдүү ыкмалар р менен аныкталса, ар башка натыйжаны берет. Ошондуктан О. табуунун ар бир ыкмасынын өз мил дети болот жана ар түрдүү болуп белгиленет: мотор методу — о. с/м; изилдөө методу — о. с/и; темп-ралык метод — о. с/т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]