Октаэдр

Википедия дан

Октаэдр (гр. oktō – сегиз жана hedra – грань) – ар бир чокусунан төрттөн кыр чыгып, грандары туура үч бурчтуктар болушкан сегиз грандык. Анын 8 граны, 6 чокусу жана ар бир чокудан төрттөн чыккан 12 кыры, 13 симметрия огу, 9 симметрия тегиздиги жана борбору бар. Кээде октаэдр төрт бурчтуу бипирамида деп да аталат. Октаэдрдин каптал бети S=2а²√3≈3,4611а², көлөмү V=(a³√2 )/3≈0,4714a³ формулалары менен эсептелет (а – кырынын узундугу).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]