Окуляр

Википедия дан

Окуляр ⎯ оптикалык системанын (телескоп, дүрбү, микроскоп) байкоо-чунун көзү тарабындагы бөлүгү; объектив түзгөн чыныгы сүрөттөлүштү көрүүгө арналган Окуляр өзүнүн кызматы боюнча лупага окшош.

Окуляр фокустук аралык, көрүү талаасынын бурчу жана d − аралыгы сыяктуу оптикалык чоңдуктары менен мүнөздөлөт. 1) f′ фокустук аралыгы бурчтук чоңойтуунун Г = 250/ f′ формуласы боюнча аныкталат (мында 250 мм – даана көрүү аралыгы). Окуляр көбүнчө Г′ ≈ 5−20 болот; кээде (кошумча терс линза м-н) 40−60ка жетиши мүмкүн; 2) Окулярдан чыккан эки четки нурлардын арасындагы бурч 2ω′ көрүү талаасынын бурчун чектейт; 3) Окулярдын акыркы линзасынан анын чыгыш «карегине» чейинки аралык d менен белгиленет. Ал карегинде О. объективдин сүрөттөлүшүн түзөт (к. Диафрагма.). Байкоочунун көзү d ≈ 12−15 мм аралыгында жайгашканда көрүүгө ыңгайлуу шарт түзүлөт (көзайнекчендер үчүн d =25мм). Окулярдын оптикалык касиетине жараша оптикалык системанын жалпы мүнөздөмөсү аныкталат. Мейкиндиктеги объектилерди байкоочунун көрүү түтүгүнүн көрүү талаасы tgω=tg ω′/γ формуласы боюнча аныкталат. Мында γ−көрүү түтүгүнүн толук чоңойтуусу. Микроскоп үчүн көрүү талаасы 2 =f′tgω/β, мында β − объективдин сызыктуу чоңойтуусу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]