Окура ылаңдары

Википедия дан
Hypoderma bovis.

Окура ылаңдары – көгөөн, сайгак, ылаа личинкалары пайда кылуучу ылаңдар: гиподерматоз, кривеллиоз, гастрофилёз, эстроз, ринетроз, цефалопиноз ж. б. Гиподерматоз – уйдун окура ылаңы. Hypoderma уруусундагы Hypoderma bovis жана Hypoderma lineatum сайгак личинкалары терини тешип, денеге өтүү менен малды жабыркатат. Ылаңга каршы күрөшүү үчүн хлорофостун 8%түү эритиндиси же гиподермин-хлорофос керектелет. Гастрофилёз – жылкынын өнөкөткө айланган окура ылаңы. Карын менен ичегинин ички бетинде мителөөчү Gastrophilus уруусундагы карын ылаа личинкалары пайда кылат. Ылаңга каршы күрөшүү үчүн малга хлорофостун суудагы 5%түү эритиндиси берилет. Эстроз – кой ылаңы. Сайгак жумурткасын койдун тумшугуна таштайт. Личинкалары койдун кеңилжээринде өөрчүйт. Мээге чейин жеткен личинка койдун тынчын алып, жалган көк мээге чалдыктырат. Мал чөп оттобой арыктайт. Түндүк Кавказ, Орто Азияда жана Украинада кезигет. Ылаңга каршы күрөшүүдө хлорофостун суудагы 20%түү эритиндисинен турган аэрозоль пайдаланылат. Ошондой эле механикалык жол менен личинкалар тазаланат. Окура ылаңдары мал чарбасына, ошондой эле булгаары өнөр жайына чоң зыян келтирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]