Окутуунун методикасы

Википедия дан

Окутуунун методикасы – педагогика илимдеринин составдык бөлүгү.

Анын максаты, жеке бир окутуу процессиндеги педагогикалык кубулуштардын системасын изилдөө, б. а. анын максатын, мүнөзүн, структурасын, байланыштарын, шарттарын аныктоо. Булар Окутуунун методикасынын түзүлүшүн аныктайт: Окутуунун методикасысы система катарында окутуунун максатын, анын мазмунун, окутуу методдорун, каражаттарын ж-а окутуу формаларын өз ичине камтыйт. Аталган компоненттер ар бир окуу предметинин (тил, математика, адабият, биология, физика ж. б.) өзгөчөлүгүнө жараша такталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6