Окутуунун мыйзам ченемдүүлүктөрү

Википедия дан

Окутуунун мыйзам ченемдүүлүктөрүпедагогикалык белгилүү кубулуштардын (процесс-тердин) арасындагы дайыма такай кайталанып туруучу объективдүү байланыштар. Мисалы, окутуу менен тарбиялоонун биримдүүлүгү: окутуу процессинде (сабакта) окуучулар билим, билгичтик, көндүмдөргө гана эмес, ошону менен катар биз кааласак да, каалабасак да белгилүү даражадагы тарбияга да ээ болушат. Бирок ал тарбия жакшыбы же жаманбы – башка кеп. Чындыгында эле ар бир сабак окуучуларды үч нерсеси менен тарбиялайт:

1) Окулуп жаткан программалык материалдын мазмуну тарбиялайт, анткени ал материалды өздөштүрүүнүн негизинде окуучунун дүйнөгө көз карашы калыптанат;

2) Мугалимдин сабак окутуу методикасы (же активдүү, же пассивдүү) тарбиялайт;

3) Мугалимдин окуучуларга жасаган мамилеси, адилеттүүлүгү, боорукерлиги, адамкерчилиги, тактысы, эрудициясы, чынчылдыгы, жүрүш-туруш манерасы, тышкы көрүнүшү ж. б. тарбиялайт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004