Окутуунун шериктештиги

Википедия дан

Окутуунун шериктештиги (COL) - Улуттар Шериктештигинин өкмөт аралык уюму болуп эсептелет, анын штаб-квартирасы Канадада, Британиялык Колумбияда, Ванкувер шаарында жайгашкан. 1987 жылы Шериктештиктердин башчылары тарабынан (CHOGM) негизделип, 1988-жылы ачылган COL дун милдети Шериктештиктин 54 мамлекетинин ичинде дистанттык билим алуунун ачык окутуусун, ресурстар менен технологияларын өнүктүрүүнү колдоо. COL дистанттык билим берүүнүн дүйнөдөгү башкы жабдуучулардын бирине айланып, ЮНЕСКО менен чогуу дистанттык билим берүүнүн эл аралык өнүгүшүн жетектеп жатат. COL жалаң гана дистанттык билим берүү менен алектенген дүйнөдөгү жалгыз өкмөт аралык уюм болуп эсептелет,

COLдун ишмердүүлүгү эки тармакка топтошкон: билим берүү жана жашоо, саламаттыкты сактоо. COL өлкөлөргө бардык деңгээлдеги сапаттуу билим алууга жол ачып жардамдашат. Мында ал сапатты камсыз кылууга, мугалимдердин адистик деңгээлин көтөрүүгө, жогорку билим алууга жаңы жолдорду ачуу жана электрондук окутууда атайын билимдерди түзүүгө көңүл бөлөт. Ал өлкөлөргө жашоого каражаттарды кантип жакшыртса боло турганын аныктаганга жана окуп билим алуу үчүн тийиштүү мүмкүнчүлүктөрдү курганга жардам берет. Айылдык жана шаар айланасындагы кыштактардын экономикасын жакшыртууга ийгиликтүү кадамдар COL дун эл аралык айыл чарбалык органдар менен жакын мамиледе болгондугунан келип чыгат.

COL дун негизги операцияларын каржылык колдоо Шериктештиктин мамлекеттери тарабынан ыктыярдык негизде камсыз кылынат. Баштапкы каржылоо ар бир үч жыл сайын жаңырып турат. COL ошондой эле бюджеттен тышкары кирешелерди өнүгүүнүн башка булактарынан да алат жана дистанттык окутуунун жана ачык окутуу курсунун кызматы үчүн жыйымдарды камсыз кылып, ООН дун качкындар иши боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгы (UNHCR) жана Саламаттыкты Сактоонун бүткүл дүйнөлүк уюму (WHO) өңдүү эл аралык уюмдарга курстарды жеткирип, даярдык кылып турат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]