Окуу куралы

Википедия дан

Окуу куралы – мазмуну боюнча окуу программасынын талаптарын эске алган, окуу китептеги берилген материалдарды кошумча маалыматтар менен андан ары тереңдетүүчү, толуктап туруучу окуучуларга арналган китепче түрүндөгү басылма. Окуу куралдар, түзүлүшү боюнча окуу китептерден кыйла айырмачылыкка ээ. Окуу китеби тиби боюнча таблица, таблица-альбом, маалымат берүүчү, окуу хрестоматиясы, көнүгүүлөр топтому, маселелер жыйнагы, жазуу дептерлери, боёо альбомдору (дептерлери), экзамендик билеттер, практикумдар, тесттер жыйнактары, диктанттар тексттери, баяндамалар жана дилбаяндар топтомдору, фонохрестоматиялар, окуу кинолору, диафильмдер жана башкалар болуп бөлүнөт жана алар бирин-бири толуктап туруу менен, окуу куралынын жандооч материалы катары кызмат кылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004