Окуу процесси

Википедия дан

Окуу процесси жогорку окуу жайында - студенттердин билим алуусунун жүрүшү.

Окуу процессин уюштуруу көлөмү жана мазмуну ар бир жогорку окуу жайынын профилине, илим, техника жана маданият деңгээлине, жогорку квалификациялуу адиске коюлчу учурдагы талапка ылайык аныкталган окуу материалын ырааттуу пландоонун негизинде жүргүзүлөт. Пландоо окуу пландарынан жана программаларынан, сабактардын расписаниесинен, маданий-массалык иштердин планынан көрүнөт.

Дисциплиналар милдеттүү (адистерди даярдоонун илимий теориялык негизин түзөт), альтернативдик (студенттер өз мүдөөсү туура келгенин үйрөнөт) жана факультативдик курстар (илим менен техниканын соңку маселелерине арналат) болуп бөлүнөт. Дисциплиналар мүнөзү боюнча коомдук илимдер, жалпы илимий (жогорку математика, химия ж. б.), жалпы инженердик (материалдардыи каршылыгы, электр техника ж. б.) жана атайын предметтер (хирургия, тигил же бул предметти окутуунун методикасы ж.О.) болуп ажыратылат.

Окуу процесси лекциядан, семинардык, жарым семинардык, лабораториялык ж. б. практикалык сабактардан куралат, ошондой эле ага окуу жана өндүрүш практикасы, экскурсия, экспедиция, курстук жана дипломдук иштер, долбоорлор, консультация, зачет, курстук жана мамлекеттик экзамендер кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9