Окуянын чечилиши

Википедия дан

Окуянын чечилиши – сюжеттин элементтеринин бири, көбүнчө чиелеништен кийин келүүчү бүткүл кыймыл-аракеттин өсүп-өнүгүшүнүн акыркы жыйынтыгы, мүнөздөр күрөшүнүн соңуна чыгышы, конфликтинин чечилиши. Сюжеттин бул элементи түздөн-түз окуянын мурдагы жүрүшүнүн натыйжасынан келип чыгат. «Жамийлада» башкы каармандардын качып кетиши – окуянын чечилиши.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]