Ок атуу спорту

Википедия дан

Ок атуу спорту – мылтык, тапанча жана жаа менен атуу боюнча спорттун түрү. Анын стенддик атуу жана жаа атуу деген түрлөрү бар. Азыркы ок атуу спортунун программасына жөнөкөй бута атуу (бир атууга 1–3 мин берилет), фигуралык бутаны тез атуу (бир атууга 3 сек же 5 атышка 20, 10, 8, 6, 4 сек) жана кыймылдуу бутаны («доңуз» же «бугу») атуу кирет. Мелдеш эки түрдөгү тегерек жана траншеялык стенд-аянтчаларда өткөрүлөт. Стенддик атууда көп убакыт атайын учурулган жапайы көгүчкөндөрдү атып мелдеш жүргүзүлгөн. Ошондуктан ал – мергенчилик спорту деп да аталган. 1980-жылдан баштап жасалма буталар колдонулат. Ок атуу спорту боюнча 1897-жылдан дүйнөлүк чемпионат, 1923-жылдан жылыга бүткүл союздук мелдештер өткөрүлүп турган, 1959-ж. Ок атуу спортунун федерациясы негизделген. Спорттун бул түрү олимпиялык турнирлердин программасына киргизилген. КРде ок атуу спортунун чебери А. Мелентьев (СССРдин жана дүйнөнүн рекордсмени), Н. Мединская, В. Андреев ж. б. белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]