Олеандр

Википедия дан
Nerium oleander.

Олеандр (лат. Nerium, L. 1753) – өcүмдүктөрдүн кутралар тукумунун уруусу. Дайыма жашыл бадал. Жалбырагы тушташ же тегерете жайгашкан. Гүлү ири, мала кызыл, ак же сары түстө, беш мүчөлүү, мөмөсү – көп уруктуу жапракча. Жер ортолук деңиз денгээлинде, Азияда 3 түрү кездешет. Түштүк Крымда, Кавказдын, Кара деңиз жээгинде, Закавказье, Орто Азиянын түштүгүндө өстүрүлөт. Кооз жана уулуу өсүмдүк. Башка райондордо бөлмөдө өстүрүлөт. Курамында жүрөк гликозиддери бар. Жалбырагынан алынган кернолин жана корнерин жүрөк-кан тамыр ооруларында таблетка жана эритме түрүндө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]