Олеин кислотасы

Википедия дан

Олеин кислотасы (латын тилинен   Oleum- май, цис-9- октадецен к-тасы). СН 3- (СН2)7-СН=СН – (СН2)7 – СООН – каныкпаган бир негиздүү карбон к-тасы мол. масс. 282,46. Түссүз, илээшкек, суюктук, кайноо t0 225-226 С тыгыз. 0,825 г/см3 (200С) О. к. жаратылышта кеңири кездешет. Жаныбарлар, өсүмдүктөр майларында триглицерид түрүндө болот. Бадам майында 75 %, пальма майында 41-48 %, күн карамада 33 % түзөт. О. к. менен бирдикте линол жана линолен к-талары кездешет. Алардын аралашмасынан таза О. к. бөлүп алуу үчүн фракциялоо, 90 % метанол менен кристализациялоо жүргүзүлөт. Кээ бир учурда майларды селективдүү, гидрогенизациялоо менен линол жана линолен к-таларын О. к. чейин калыбына келтирип бөлүп алынат. О. к. эфирлери жана глицериддери, лак, эмаль, олиф, боёк каптагычтарды алууда, кээ бир эфирлери пластификатор катары колдонулат. О.к. туздары самын болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]