Олив тынчтыгы

Википедия дан

Олив тынчтыгы (1660) Швец менен Речь Посполитанын (союзда Австрия жанa Бранденбург) ортосу да түзүлгөн; Копенгаген тынчтыгы (1660) менен бирге Түндүк согушун (165560) аяктаткан.

Францияныя арачылыгы менен Данцигге (Гданьск) жакын Олив монастырында 1660-ж. 3-майда кол коюлган.Олив тынчтыгы боюнча поляк королу Ян II Казимир швед королдугунун тактысына доомат кылуудан баш тарткан, Швеция Эстляндияны. Эзель А. менен дээрлик бүткүл Лифляндияны (негизинен 16—17-кылымдын башында басып алган аймак) өзүн калтырган. Олив тынчтыгы Россиянын Швеция менен Кардис тынчтык договорун (1661) түзүүсүн тездеткен.


Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.