Олигархия

Википедия дан

Олигархия (гр. oligos – азчылык, archе – бийлик) – бийликтин бир түрү; колуна чексиз байлык топтогон аз сандагы кишилердин үстөмдүк кылышы. «Олигархия» терминин алгач байыркы грек философтору Платон менен Аристотель киргизген. Алардын ою боюнча бийликтин «байлар үстөмдүк кылып, кедейлер башкарууга катыша албаган» түрү. Олигархия бир нече түргө бөлүнөт: 1) көпчүлүктүн колунда байлыктын ченемдүү болушу менен жогорку бийликтин мыйзамга баш ийишин колдоо; 2) азыраак адамдардын колуна көп байлыктын топтолушу менен өзүн колдогондорду бийликке жеткирүүгө аракет жасоо ж. б. Олигархиянын өзгөчө формасы плутократия болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]