Олуя-Ата ую

Википедия дан

Олуя-Ата ую – сүт багытындагы уй тукуму. 1885-жылдан баштап Кыргызстандын Талас өрөөнүндөгү (Олуя-Ата уезди) жана Казакстандын Түштүк аймагындагы жергиликтүү уйлар голланд уюнун букалары менен аргындаштырылып, кийин ич ара көбөйтүү жолу менен чыгарылган. Кыргызстан менен Казакстандын көп райондоруна, ошондой эле Өзбекстандын айрым жерлерине тараган. Денеси чың, жергиликтүү табигый-климаттык шартка (ысыкка, бийик тоолуу жайытта багууга) көнгөн. 1974-ж. порода катары бекитилген. Башка уйлардан айырмаланып, мителүү кан ылаңдарына (тейлериоз, пироплазмоз) туруктуу келет. Дене түзүлүшү субагай, башы кичине, моюну ичке, соорусу бийик. Өңү көбүнчө карала, төшү, курсагы, желини ак; айрымдарынын өңү сарала. Өркөчүнүн бийиктиги 125–126 см, дене Узундугу 150 см, көкүрөк курчамы 175 см. Букасынын Орточо тирүүлөй салмагы 750–770 кг (айрымдары 1000– 1100 кг), инегиники – 440–450 кг. Ар уйдан жылына 2800–3200 кг сүт саалат, сүтүнүн майлуулугу 3,9–4,1%. Жакшы бордолот. 52–56% (кээсинен 60%) эт чыгат. Олуя-Ата ую негизинен Казакстандын Түштүк облусунда (Чымкент, Жамбыл), Кыргызстандын Талас өрөөнүндө жана Ош облусунун райондорунда асыралат. Олуя-Ата уюнун дене түзүлүшүн, сүттүүлүгүн, этинин сапатын жакшыртуу максатында асыл тукум иши улантылууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]