Ольга Бузова

Википедия дан
Ольга Бузова
Портрет
Ишмердүүлүк тармагы:

Телеалпаруучу, ырчы , дизайнер, жазуучу, ди-джей, актриса

Туулган датасы:

20 -январь 1986(1986-01-20) (38 жаш)

Туулган жери:

Ленинград, РСФСР, СССР

Жарандыгы:

 Орусия

Атасы:

Игорь Дмитриевич Бузов

Апасы:

Ирина Александровна Бузова

Күйөөсү:

Дмитрий Алексеевич Тарасов

Сайт:

buzovaolga

Ольга Бузова (орус. Ольга Бузова) — Орусиялык ырчы жана популярдуу "блондинка" айымдардын катарында. Мындан сырткары ар тараптуу медиаперсона, атактуулар катышкан кечелердин дайымкы коногу. Түрдүү багыттагы теледолбоорлору жана эл көзүндөгү жашоосу менен таанымал.Орусиянын ТНТ телеканалында эң чырлуу "Дом 2" берүүсүнүн алгачкы катышуучуларынын бири[1].

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ольга Бузова 1986 жылы 20 январда Орусиянын Ленинград шаарында төрөлгөн.
  • Бою – 178 сантиметр
  • Салмагы – 54 килограмм
  • Параметри – 85-62-94
  • 2007-жылы Дүйнөлүк сары чачтуу айымдардын күнүндө Ольга Орусияда "Алтын персона" сыйлыгын алып, эң стилдүү жана көрүнүктүү блондинка деп табылган.
  • "Дом 2" долбоорунан чыккан ырчылар менен Орусияны кыдырып, гастролдогон.
  • Билими – эколог, бирок өз кесиби менен иштеп көргөн эмес.
  • 2010-жылы театрда дебют жасап, "Укмуштуу үлпөт той" деген спектаклде роль аткарган.
  • Хоббиси катары ди-джейликти эсептейт. Кийимдер коллекциясынын көрсөтмөсүндө алып баруучу өзү ди-джейлик пультта отуруп музыка коюп берген.

Ольга Бузова орусиялык ТНТ телеканалында эң чырлуу "Дом 2" берүүсүнүн алгачкы катышуучуларынын бири. Аталган долбоордо алып баруучу 3 жыл Роман Третьяков менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп, бирок түгөйлөрдүн сүйүү романы үйлөнүү тойго жеткен эмес. 2007-жылы "Дом 2" берүүсүнүн эң популярдуу түгөйлөрү Роман Третьяков менен Ольга Бузованын келбети түшүрүлгөн айкели атактуулардын келбети түшүрүлгөн музейге коюлган. Долбоордун алкагында Ольга Стас Каримов, Алессандро Матераццо менен сүйүү мамилесин куруп, бирок көпкө созулган эмес. 2008-жылы Бузова долбоордон кеткени калганда уюштуруучулар "алтын курамдын" эң белгилүү катышуучусун колдон чыгарбай, ошол маалда саясатка ооп кеткен Ксения Собчактын ордуна алып баруучулукка алып калышат. Кезинде Бузованын экс-жигити Алессандро Матераццо ал тууралуу "Ольга эки сөздүн башын бириктире албаган алып баруучу. Ал жумушка "Дом 2" долбоорунун продюсери Алексей Михайловскийдин көңүлдөшү болуп жеткен. Экөөбүздүн мамилебиз продюсерлердин буйрутмасы, эгер мамилебиз бекемделсе мага 5 миң доллар беребиз дешкен. Долбоорго кыздардын баары продюсердин төшөгүнөн өтүп келишет" деп басылмаларга жамандаганы бар.

ТНТ каналынын жылдызы Ольга Бузованы орус телеканалдары шоу үчүн берүүлөрүнө чакырып, алпаруучунун белгилүүлүгүн пайдаланып келишет. Ольга "Универ", "Зайцев+1" сериалдарында эпизоддук ролдорду ойноп, актрисалык дареметин сынап көргөн. Ушул жылы алып баруучу "Байкуш эл" сериалында өзүнүн (Ольга Бузова) ролун ойногон. Кызыгы, блондинкаларды шылдыңдаган ролдорду көп аткарган Бузова "блондинкалар жок болсо куудулдарга тема табылбай калмак" деп, андай тамашаларга чычалабай турганын билдирген.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ольга Бузова 2012-жылы өзүнөн бир жаш кичүү "Локомотив" футбол клубунун оюнчусу Дмитрий Тарасовго турмушка чыккан. Кызыгы, экөө кыз-жигит болуп жүргөндө Дмитрий үй-бүлөлүү болчу. Орус басылмалары "никелүү, бир баласы бар футболчунун үй-бүлөсүн Бузова бузуп турмуш курду" деп жазып чыгышкан. Бирок Дмитрий Тарасов жубайы Оксана менен мамилеси мурунтан эле солгундап жүргөнүн айткан. Алып баруучу жолдошу тууралуу "Сүйүктүүмдүн ар бир оюнуна катышып, ага күйөрмандык кылгым келет. Эгер чет өлкөлүк клуб менен келишим түзүп калса, чыгармачылыкты жыйыштырып жолдошум менен кеткенге даярмын" дейт. Инстаграмда 5 миллиондон ашуун окурманы бар Бузова жыргал жашоосун жарыялаганды жакшы көрөт. Ал баракчасында өзүнүн кийимдер коллекциясын жарнамалап, жолдошу менен чет өлкөдөгү эс алууда түшкөн сүрөттөрүн, анын берген белектерин жүктөгөндөн тажабайт.

Музыкалык карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011-жылы өзүндөгү ырчылык талантын өстүрүүнү каалап, белгилүү рэп ырчысы T-killah менен "Унутпа" деген ыр жаздырган. Андан соң жолдошу Дмитрий Тарасов экөө "Баары сен үчүн" аталыштагы ырын жарыкка чыгарган.

Китеби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Дом 2" долбоорундагы өнөктөшү Роман Третьяков менен "Бузова менен Роман. Эң кооз сүйүү баяны", андан соң өзү "Стилдүү блондинканын кеңештери" деген китептерин чыгарган.

Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Сыртыкы шилтемелер