Ольденбург Сергей Фёдорович

Википедия дан

Ольденбург Сергей Фёдорович [14(26). 9. 1863, азыркы Чита облусу, Нерчин району, Бянкино кыштагы – 28. 2. 1934, Ленинград] – орус совет чыгыш таануучусу, орус индологиялык мектебин негиздөөчүлөрдүн бири. 1885-ж. Петербург университетин бүтүргөн. 1889-жылдан Петербург университетинде окутуучу жана профессор 1917-ж. Убактылуу өкмөттүн агартуу министри. 1930–34-ж. СССР ИАнын Чыгыш таануу институтунун директору. Индиянын байыркы жана орто кылымдагы Маданиятын жана динин, будда искусствосунун жана жазма Маданиятынын тарыхы, чыгыш таануунун тарыхы боюнча, Чыгыш өлкөлөрүнүн, ошондой эле Россиянын жана Батыш Европанын фольклору, искусствосу, этнографиясы жаатындагы иштердин автору. Ортоңку Чыгыш Түркстанга жасалган археологиялык экспедицияны жетектеген (1909–10; 1914–15). Чогулган кол жазмаларды которуп, аларга түшүндүрмөлөр жазган. Борбордук Азияга жана Тибетке жасалган бир катар илимий экспедициялардын демилгечиси. Эл аралык «Bubliotheca buddhica» сериясынын басылышын жетектеген (1897-жылдан).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]