Ольха

Википедия дан
Alnus glutinosa.

Ольха (лат. Alnus) — өсүмдүктөрдүн кайыңдар тукумундагы уруусу.

Ал жалбырак күбүмө, бир үйлүү, айрым жыныстуу дарак же бадал; көбүнчө Түн. жарым шарда өсөт. Ольханын 42— 17, СССРде 10—15че түрү бар. Жөнө- көй жалбырагы сабакта кезектешип жайгашкан. Көбү эрте жазда, жалбырактана эленте гүлдөйт, шамал аркылуу чаңдашат. Топ гүлү — сөйкөчө. Мөмөсү — жаңгакча. 100, кээде 300 жылга чейин жашайт. Уругу, дүмүр чырпыгы, айрым түрлөрү тамыр чырпыктар менен көбөйөт. Анын тамырларында түймөкчө бактериялар болот.

Ольха өзөн жанa булак жээгинде ж. б. ным жетиштүү жерлерде өсөт. Ольха нын жыгачы баалуу, андан суудагы жанa жер астындагы курулуштар үчүн материалдар, мебель ж. б. даярдалат. Айрымдарынын таннин заты болгондуктан дары жасоодо пайдаланылат. Кээси шаарды жашылдандырууда тигилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.