Омаров, Нур Мелсович

Википедия дан

Омаров, Нур Мелсович (1966-2012) - тарых илимдеринин доктору (2006-ж.), профессор (2010-ж.).

Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1990-ж. КМУну аяктаган.

  • 1990-1997-жж. КР УИАнын тарых институтунда кенже илимий кызматкер, аны менен бирге КРнын Президентинин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр Эл аралык институтунда Кыргызстандын саясат мамилелери боюнча башкы эксперт болуп эмгектенет.
  • 1997-ж. Миграциялык процесстерди башкаруу боюнча Бишкек шаардык борборунда ассистент-менеджер.
  • 1997-1999-жж. «Кыргызстандын өнүгүүсүн изилдөө институту» коомдук фондунун директору.
  • 1999-ж. Дж.Маршалл атындагы коопсуздук маселелери боюнча изилдөөлөрдүн Европа борборунда окутуудан өткөн.
  • 2000-2003-жж. КР Өкмөтүнүн алдындагы баңгизатын көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик комиссиясынын башкы аналитиги.
  • 2007-ж. республиканын саясат таануучулар Ассоциациясынын президенти болуп шайланган.

Аймактык жана глобалдык коопсуздук проблемалары боюнча 7 монографиянын, КР ЖОЖдору үчүн эл аралык мамилелер боюнча 2 окуу китебинин, 50 илимий макаланын жана Борбордук Азиянын өнүгүү жана коопсуздук проблемалары боюнча жарыяланган көптөгөн публикациялардын автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8