Омукеева Джумакан

Википедия дан

Омукеева Джумакан (1950-ж.т.) - саясат таануу илимдеринин доктору (2003), профессор.

  • Ысык-Көл облусунун Аксуу районуна караштуу Жыргалаң айылында төрөлгөн.
  • 1975-ж. Мичурин пединститутун (РСФСР), 1996-ж. Ж. Баласагын атындагы КУУну аяктаган.
  • 2003-ж. саясат таануу боюнча докторлугун жактаган.
  • 1975-1996-жж. аралыгында окутуучу, ага окутуучу, доцент, Ош ГПИнин деканы,
  • 1996-2007-жж. КЭАУнун Ош филиалынын директору, андан соң ушул эле университеттин укук таануу, бизнес жана компьютердик технологиялар институтунун директору кызматында эмгектенет.
  • 2007-2008-жж. Ош мамлекеттик юридикалык институтунун биринчи проректору,
  • 2008-ж. бери Кыргыз-кытай гуманитардык-экономикалык институтунун (Ош ш.) ректору.

Илимий изилдөө тармагы: азыркы кыргыз мамлекетинин этносаясаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8