Онанизм

Википедия дан

Онанизм (латын тилинен manus — кол + turbare — тынчын алуу)(мастурбация) — оргазм чакыруу максатында эроген зонасын (көбүнчө жыныс органдарын) жасалма дүүлүктүрүү.

Түрткүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көпчүлүк сексологдордун ою боюнча жыныстык жетилүү мезгилинде болуп, ал жыныстык турмуш башталганда жоголот. Мындан башка бала чакта жыныстык жетилгенге чейинки мезгилдеги мастурбация жана өспүрүм балдарда бирөөнү тууроо менен болгон онанизм да белгилүү. Жыныс органын кычыштыруучу оорулар (энтеробиоз жана башкалар) да онанизмге түрткү болушу мүмкүн.
Онанизм жыныстык жетиле элек балдарда жаман адат катары жыныс органдарын тар кийим өйкөгөндө пайда болот. Андан кийин пайда болгон жагымдуу сезимди бала жыныс органын кармалоо менен чакыра баштайт. Ошентип бул жаман адат кайталана берет. Көп учурда ата-эне баланын чочогун, чурайын, курсактын төмөн жагын кытыгылап, өпкүлөп мындай сезимди пайда кылышат.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жыныстык жетилүү мезгилинде онанизмден кийин бала өзүнүн эрки жоктугуна капа болуп, көңүлү чөгөт, муңайыңкы, түнт боло баштайт. Онанизмге көбүнчө пайдалуу иш жасабаган, бош убактысы көп, кароосуз балдар чалдыгат. Балдардын мындай жаман адатын таштатууга, алдын алууга болот. Аларга билгичтик менен талыкпай мамиле жасап аңгемелешип, жекече мамиле түзө билип, кеңешип, алгач физикалык жана гигиеналык туура тарбия берүү зарыл. Бул учурда баланы же өспүрүмдү жемелөө, коркутуу, уруп-согуу натыйжасыз же зыян болорун эстен чыгарбоо керек. Онанизмди алдын алууда баланын колун жууркандын үстүнө чыгарып жатуусуна, ойгонгондон кийин төшөккө көпкө жаткырбай, кийимине (тар болбосун) көз салып, күнүгө ич кийимин алмаштыруу маанилүү. Бала дайыма кыймылда болуп, организмин чыңдоого жана спорт менен машыгуусуна шарт түзүү керек. Балдардын мите ооруларын (Гельминттер) өз убагында дарылоо да маанилүү. Өспүрүмдөрдү шыгына жараша кызыктуу иштерге тартуу аны онанизмден алаксытат. Балдарга ачуу, өткүр тамак, кызыл чай жана коюу кофе бергенге болбойт. Онанизм байкалган балдарга сексуалдык сезимин козгоочу кинолорду көрүүгө, китепти окууга уруксат берилбейт. Жыныстык жетилүү мезгилинде кыздарга өзгөчө көңүл буруу жана гигиеналык жактан туура тарбия берүү маанилүү. Алардын кийимдери тар болбой, ыңгайлуу болушу зарыл. Чоңдордун камкор мамилеси, жардамы балдар менен өспүрүмдөрдү жаман адаттардан четтетет.[1]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

  1. Аялдардын адат өзгөчөлүктөрү. Текшерилген күнү 18 -февраль (бирдин айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 13 -май (бугу) 2021.